Атасына сатып алдым деп айткан. Ошто эки унааны уурдоого шектелип 16 жаштагы жигит кармалды

Ош шаарында эки унааны уурдады деген шек менен Баткен облусунун тургуну кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 28-март түнү Ош ШИИБине жергиликтүү тургун арыз менен кайрылган. Арызда Дэу Нексия үлгүсүндөгү унаасын белгисиз адамдар уурдап кеткендигин жазган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

“Жабырлануучу унаасын өзү жашаган үйүнүн алдынан уурдаткан. Шектүү унааны токтоп турган жеринен айдап, окуя болгон жерден изин жашырган. Бул окуядан соң кылмышка шектүү жаран кылмыш аракеттерин дагы да улантып, 8-июнь түнү Ош шаарындагы көп кабаттуу үйдүн алдынан Хонда Фит унаасын уурдаган. Жабырлануучу аталган окуя боюнча милицияга арыз менен кайрылган.

Аталган фактылар боюнча, 11-июнь күнү кылмышка шектүү катары Баткен облусунун 2005-жылы туулган тургуну кармалды. Шектүүнүн алгачкы көрсөтмөсүнө ылайык, ал алгач Дэу Нексия үлгүсүндөгү унааны Оштон Баткенге айдап кеткен. Атасына унааны сатып алганын айткан. Атасы уурдалган унаага башка мамлекеттик белгидеги номер тагып айдап жүргөндө, Баткен облусунда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлерине кармалып, унаа айып короого киргизилген. Ал учурда баласы экинчи Хонда Фит унаасын уурдап, Кадамжай районуна айдап бара жаткан учурда милиция кызматкерлери тарабынан кармалган”, – деп билдиришти шаардык милициядан.

Уурдалган унаалар өз ээлерине кайтарылып берилгенин кошумчалашты.