Бишкек шаарынын бардык райондору “кызыл зонага” кирди

Баш калаа Бишкектеги төрт райондун бардыгы коронавирус жуктургандар көбөйгөндүктөн “кызыл зонага” кирди.

Бул тууралуу шаардык санитардык-эпидемиологиялык борбордун башкы дарыгеринин орун басары Айнагүл Рыскулбекова кабарлады.

“Апрель айында шаардын эки району гана “кызыл зонада” болчу. Алар Биринчи май жана Ленин райондору эле. Бүгүнкү күндө бардык төрт райондо тең абал курчуду. Вирус өтө тездик менен жайылууда”.

Рыскулбекова ооругандардын дээрлик 50% жумушсуз деп катталганын, бирок алар иштеген жерин жашырып жатканын кошумчалады.

“Иштеген жерди жашыруу менен вирустун мындан ары дагы жайылуусу тездеп жатат”, – деди Рыскулбекова.

Коронавирус менен күрөшүү боюнча республикалык штаб жарандарды Бишкек, Ош шаарлары менен Чүй жана Ош облусуна барбай турууну сунуштады.
Вирус соңку бир суткада дагы 787 адамдан аныкталды. Бул жыл башынан берки антирекорд болуп калды.

Вирус Бишкекте 368, Чүй облусунда 130, Ош шаарында 97, Ош облусунда 96, Жалал-Абад облусунда 38, Баткенде 25, Ысык-Көлдө 20, Таласта 11 жана Нарын облусунда эки кишиден чыкты. Расмий маалыматка ылайык, ушуну менен оору жуктургандардын жалпы саны 112 777 адамга жетти. Андан 103 930 бейтап айыкты.

Ушул күндөрү 2 169 адам ооруканада жатат. Алардын ичинен 94 бейтаптын абалы өтө оор, 602 кишиники оор деп бааланууда. Бир суткада төрт киши каза болду.