Милициянын старшинасы Акылбек уулу Эржан таяк тартыш боюнча Дүйнө кубогунда коло медалдын ээси болду

2021-жылдын 16-июнунан 20-июнуна чейин Өзбекистандын Хива шаарында болуп өткөн “Таяк тартыш” боюнча Дүйнө кубогунда Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын Бишкек шаардык Биринчи май райондук күзөт бөлүмүнүн батальондун милиционери милициянын старшинасы Акылбек уулу Эржан 3-орунду багындырды.
Эске салсак, милициянын старшинасы Эржан “Таяк тартыш” боюнча Бишкек шаарынын 90 кг салмактагылар арасында чемпион, 125 кг салмактагылар арасында коло медалдын ээси.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын Биринчи май райондук күзөт бөлүмүнүн жетекчилик курамы Эржан мырза менен сыймыктанаарын айтышып, дагы көптөгөн ийгиликтериди багындыруусун каалашты.

ИИМдин Күзөт кызматынын Басма сөз кызматы