Окуялар

Велосипедченди сүзүп, качып бара жаткан мас айдоочуну кууган инспекторлор жөө адамды сүзүп алышты

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Тилекмат айылында жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын унаасы катышкан жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан тастыкташты.

Милициянын маалыматына ылайык, кечээ, 22-июнда болжол менен саат 22:30 чамаларында милиция бөлүмүнө жол кырсыгы тууралуу мааалымат келип түшкөн.

«Айтылган дарекке милиция кызматкерлери барганда, төмөнкү жагдайлар белгилүү болгон. Алдын ала алынган маалыматтарга ылайык, ошол күнү жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын У.С. жана Ж.Т. аттуу инспекторлору аталган аймакта кызмат өтөп жатышып, болжол менен саат 22:00дө Ауди-100 С4 үлгүсүндөгү унаа велосипед тээп бара жаткан 24 жаштагы жергиликтүү тургунду сүзүп, токтобой качып жөнөгөн окуяга күбө болушкан. Мындан улам инспекторлор аталган унааны ВАЗ-21705 үлгүсүндөгү кызматтык унаа менен кууп жөнөшкөн.

Ошол учурда жолдун жээгинде отурган жергиликтүү тургундар милиция кызматкерлеринин кызматтык унаасын көрүп жолго чыга калышкан. Жыйынтыгында алар 33 жаштагы Тилекмат айылынын тургунун жөө адамдар өтүүчү жолдон сүзүп алышкан. Жогорудагы жол кырсыгынын кесепетинен велосипед тээп бара жаткан 24 жаштагы жана жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн жабыркаган 33 жаштагы тургун Ысык-Көл облустук бириктирилген ооруканасына жаткырылышкан.

Издөө иштеринин натыйжасында Ауди-100 С4 унаасынын 34 жаштагы Д.Н. аттуу айдоочусу кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Ага карата медициналык текшерүү жүргүзгөндө анын мас абалда экендиги аныкталган», — деп билдиришти облустук милициядан.

Бул фактылар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тийиштүү экспертизалар дайындалды. Ал эми инспекторлорго карата кызматтык териштирүү башталганын кошумчалашты.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button