Өзбекстан Twitter, TikTok жана “ВКонтакте” соцтармактарынын ишин чектеди

Өзбекстандын Маалыматташтыруу жана телекоммуникация чөйрөсүн көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик инспекциясы социалдык тармактардын ишин чектеп, муну алардын жеке маалыматтарды иштеп чыгууда мыйзам бузууларга жол бергендиги менен негиздеди.

Бул маалыматты аталган мекеменин сайты жарыялады. Анда “тиешелүү социалдык тармактар аныкталган кемчиликтерин жойгонго чейин чектөө алынбай турганы” айтылган.

Мекеме кайсыл коомдук сайттар чектөөгө алынганын ачык айткан жок. Gazeta.uz жазгандай колдонуучулар Twitter, TikTok жана “ВКонтакте” үзгүлтүк менен иштеп жатканын даттанышты. Медиафайлдар өтө жай жүктөлүп, айрым учурда такыр эле иштебей калууда. Колдонуучулар мындан тышкары Skype мессенджери да иштебей калганын билдиришүүдө.

Басылманын маалыматына караганда, Өзбекстандын Маалыматташтыруу жана телекоммуникация чөйрөсүн көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик инспекциясы май айында “ВКонтакте”, Twitter жана WeChat кат алышуу кызматынын ээлерине “мыйзамдын 27-1-беренесин сактоого” эскертүү берген. Мыйзамдын бул беренесинде Өзбекстан жарандарынын жеке маалыматтарын өлкө ичинде гана иштелип чыккан серверлерге жайгаштыруу тууралуу айтылган.

Жакында эле Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Tik Tok колдонуучуларын мамлекеттик ишмер жана аскер башчысы Амир Темир (Тамерлан) менен акын Алишер Навоинин тарыхый эстеликтерин мазактады деп сынга алган.