Коронавирус каптаган учурда карылар үйү кантти?

Борбор калаадагы карылар үйүндө коронавируска каршы чаралар көрүлүп, ал жерде жашагандар менен иштегендердин 80 пайызы коронавируска каршы эмделди. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Азыр ал жайдагылар тобокел тобуна киргендиктен карантинге жабылган.

“145 жашоочу жана 46 кызматкерге вакцина сайылган. 4 изолятор-койка ачылып, кызматкерлер график менен чыгып, аралыктан иштөөгө өткөн. Зарыл болгон санда жасалма дем алдыруучу аппараттар, медициналык бет каптар, кол каптар, антисептик, коргоочу кийимдер, пульсоксиметрлер жана тепловизорлор алынган”, — деп айтылат маалыматта.

Санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борборунун кызматкерлери имараттын ичинде дезинфекциялык иштерди жүргүзгөн.

Мэрия бишкектиктерди коронавируска байланышкан азыркы кырдаалдан улам санитардык эпидемиологиялык эрежелерди тыкыр сактоону суранууда.

“Шаарда өздөрү билбей, бирок инфекцияны алып жүргөндөр көп. Алар айланасындагыларды оорутуп жатат. Жоопкерчиликтүү болуп өзүңөрдү жана жакындарыңарды сактагыла”, — деп эскертишти мэриядан.

Кыргызстанда башка өлкөлөр сыяктуу эле COVID-19 менен ооругандардын саны суткасына миңден ашып жатат. Кечээ коронавирус сегиз адамдын өмүрүр алып кетти.