Коом

Коронавирус. 1319 адамдан аныкталып, дагы 10 бейтап каза тапты

Кыргызстанда 9-июлга карата коронавирус дагы 1 миң 319 адамдан аныкталып, дагы 10 бейтап каза тапты. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев брифингде билдирди.

Анын айтымында  аймактар боюнча:

Бишкек шаарында – 715,
Ош шаарында – 25,
Чүй облусунда – 225,
Ош облусунда – 87,
Талас облусунда – 15,
Нарын облусунда – 5,
Ысык-Көл облусунда – 44,
Жалал-Абад облусунда – 109,
Баткен облусунда – 84 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 845 адам илдеттен сакайды, , — дейт ал.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте 7 жана Чүй облусунда 3 бейтап каза болгон.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 4 миң 614 бейтап, амбулатордук түрдө 12 874 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 29 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бир суткада стационардан 13, үй карантинден 8 медициналык кызматкер айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 5 миң 761 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 5 миң 76 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 137 миң 58 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 116 миң 358 киши айыгып чыкса, 2 миң 83 адам каза болду.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button