Дүйнө

Ооганстандагы этникалык кыргыздар «Талибан» кыймылынын коркунучунан Тажикстанга качып өттү

Ооганстандын бир нече аймагына көзөмөл кылып жаткан «Талибан» кыймылынын коркунучунан улам Ооганстандагы этникалык кыргыздардын тобу мал-жандыктары менен кошо Тажикстанга качып өттү. Бул тууралуу Тажикстандын УКМКсына таянуу менен жергиликтүү басылмалары жазышты.

Андагы маалыматта, этникалык кыргыздардын тобу болгон 77 адам Ооганстандан Тажикстанга 13-июль күнү кечке жуук өткөн. 77 адамдын 26сы эркек, 20сы аял жана 31и жаш балдар болгон.

«Тажик чек арачылары гуманизм принцибин эске алуу менен, Ооганстандын качкындарынын Тажикстандын аймагына өтүшүнө уруксат беришти», — деп билдирген Тажикстан УКМКсы.

Этникалык кыргыздар чек арадан өздөрү менен кошо мал — миң баш майда жандыктар, 300 топоз, 3 төө жана 30 жылкы алып өткөнү белгиленди. Алар кесип өткөн чек ара аймагындагы кырдаал тажик чек арачылары тарабынан көзөмөлдөнүп жатканы белгилүү болду.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button