Коом
Таласта жаа аткан жоокердин ташка чегилген сүрөтү табылды

Ташка чегилген сүрөттөрдү Таластагы Бакайыр – Кара-Кууш комплексинен эколог Гамал Соронкулов таап алган. Аларга болжол менен 1200 жылдан ашкан.
«Бул петроглифтин эски сүрөттөрүн биринчи жолу жергиликтүү тарыхчынын үйүнөн көргөм. Бирок ал ооруп калып, таштар жаткан жерди көрсөтө алган эмес. Төрт ай бою издеген аракетим ийгиликтүү болду. Башында эле эгер жоокер табылса, ал мен үчүн Талас салгылашынын (Атлах согушунун – 751-ж.) символу болуп калат деп чечкем. Жоокердин жана кооз аттардын аскага чегилген сүрөттөрү чеберчилик менен жасалган», — деген ал.
@abal-kg



