Депутаттарды шайлоо мыйзамындагы өзгөрүүлөр. Эл өкүлдөрү кандай шайланат?

Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо күтүлүүдө. Жаңы парламент өткөн жылдын октябрында түзүлүшү керек эле. Бирок элдик толкундоонун арты менен бийлик алмашып, шайлоонун жыйынтыгы да жокко чыгарылган. Үстүбүздөгү жылдын 5-майынан тарта жаңы Конституция иштей баштады. Ага ылайык, депутаттардын саны 120дан 90го чейин кыскарып, талапкерлердин курагы 21ден 25 жашка чейин жогорулайт. Бул ЖК депутаттарын шайлоодогу өзгөртүүлөр боюнча маалымат жарыяланды.

МЫЙЗАМ ДОЛБООРУ:

Мыйзам долбоорунда чет өлкөлөрдөгү шайлоо участоктору ТИМдин сунушу боюнча жана аккредитациялаган өлкөнүн тиешелүү органдары менен макулдашуу боюнча, эреже катары, Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин аймагында түзүлүшү мүмкүнчүлүгү каралууда б.а. Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин аймагынан тышкары жерде дагы шайлоо участоктору түзүлүшү мүмкүн (2- жана 13-беренелер).

Этиятсыздыктан кылмыш жасап соттолгон жарандарга шайлоо укугун берүү сунушталууда (3-берене).

Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы боюнча 01.07.21деги маалымат (в рабочем порядке):

– түзөтүү колонияларында жаза өтөп жаткан соттолгондордун жалпы саны – 4769 адам. Этиятсыздык менен соттолгондордун саны болжол менен 20-25% түзөт. Так саны расмий суроо боюнча берилет.

– колония-поселенияларда – 1906 адам;

– тергөө изоляторлорунда – 1703 адам (алардын ичинен болжол менен 1600 адам добуш берүү укугуна ээ).

Талапкерлердин статусу:

Жогорку Кеңештин депутатын же Президентти,  жергиликтүү кеңештин депутатын кошпогондо, саясий кызматчы болуп саналган талапкерлер; мамлекеттик, муниципалдык ишкананын, мекеменин, мамлекеттик (муниципалдык) катышуунун үлүшү 30 пайыздан ашык болгон ишкананын жана алардын түзүмдөрүнүн жетекчиси Жогорку Кеңешке шайлоодо талапкерлиги көрсөтүлгөн учурдан тартып кызматтык же кызмат ордундагы ыйгарым укуктарын аткарууну токтотот (21-берене).

Агитация:

– Диний ырым-жырымдар өткөрүлүүчү имараттарга, аларга тийиштүү курулмаларга жана аймактарга, кооптуу жана зыяндуу өндүрүшү бар объектилерге, электр станцияларга, темир жолдорго, муңайзат түтүктөрүнө, жогорку вольттуу электр өткөрмөлөрүнүн чубалгыларына жакын жерде (100 метрден кем эмес), пенитенциардык тутум объектилерине,  саламаттык сактоонун мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарына, мектепке чейинки балдар мекемелерине, мектепке чейинки балдарга билим берүү жана жалпы билим берүү мекемелерине жакын жерде (100 метрден кем эмес) үгүт иш-чараларын өткөрүүгө жол берилбейт.

Шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүдө үгүт материалдарында диний тематикадан түз же кыйыр өздөштүрүлгөн белгилерди же шилтемелерди камтыган маалыматтын бөлүктөрүн же элементтерин (сүрөттөрүн) чагылдырууга же башкача колдонууга жол берилбейт (28-берене).

– Республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден каржылануучу мекемелердин жана уюмдардын кызматкерлерин, аймактагы коомдук өз алдынча башкаруунун кызматкерлерин талапкерди көрсөтүүгө жана (же) шайлоого өбөлгө болгон ишти жүзөгө ашыруу үчүн тартуу, ошондой эле аймактагы коомдук өз алдынча башкаруунун кызматкерлеринин колтамга чогултуусу, шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүсү администрациялык ресурсту кыянат пайдалануу түрүнө киргизилет. Мындан тышкары, аймактагы коомдук өз алдынча башкаруунун кызматкерлерине үгүт жүргүзүүгө, ар кандай үгүт материалдарын чыгарып, таратууга тыюу салынат (211– жана 22-беренелер).

Шайлоо күрөөсү боюнча:

Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын 5 пайыздан кем эмесин алган талапкерлерге,ошондой эле шайлоо өтпөй калды же жараксыз деп таанылган учурда шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү каралууда
(41-берене).

– Мыйзам бузуунун натыйжасында талапкерди,  саясий партиянын талапкерлеринин тизмесин каттоо добуш берүү күнүнө чейин жокко чыгарылган учурда талапкер, саясий партия төккөн шайлоо күрөөсү кайтарылып берилбейт жана бюджетке чегерилет (41-берененин
161-бөлүгү)
.

– Шайлануусу жараксыз деп таанылган саясий партия төккөн шайлоо күрөөсү кайтарылып берилбейт жана бюджетке чегерилет (41-берене).

Каттоо жана каттоону жокко чыгаруу:

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына кошумча төмөнкүлөр тапшырылат:

талапкердин жана анын жакын туугандарынын БШК бекиткен форма боюнча кирешелери, чыгашалары, милдеттенмелери жана мүлкү жөнүндө маалыматтар же болбосо:

– Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо дайындалганга чейин мурунку жыл үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдардын кирешелери, чыгашалары, милдеттенмелери жана мүлкү жөнүндө декларациянын көчүрмөсү
(61-берененин 1-бөлүгүнүн 4-пункту).

Талапкер, анын жакын туугандары, жубайы, талапкерлердин жана саясий партиялардын өкүлдөрү шайлоо дайындалган учурдан тартып жана шайлоонун натыйжалары жарыяланганга чейин кайрымдуулук иштерин шайлоо дайындалган учурдан тартып жана шайлоонун натыйжалары жарыяланганга чейин жүргүзгөн учурда талапкердин каттоосу жокко чыгарылат (46-берене).

Добуш берүүнүн жыйынтыгы:

– Эгерде шайлоону даярдоо, добуш берүүнү өткөрүү, добуштарды саноо, добуш берүүнүн жыйынтыгын белгилөө мезгилинде талапкер, саясий партия тараптан добуш берүүнүн жыйынтыгын анык белгилөөгө мүмкүнчүлүк бербеген же шайлоочулардын эрк-ниетин билдирүүсүнө таасир эткен одоно бузууларга жол берилсе, Борбордук шайлоо комиссиясы талапкер, талапкерлердин тизмеси боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгын жараксыз деп таанууга укуктуу.

Добуш берүү күнүнөн кийин шайлоо мыйзамдарын бузууну белгилөөнүн натыйжасында талапкер, талапкерлердин тизмеси боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгы жараксыз деп таанылган учурда шайлоочулардын талапкер, саясий партия үчүн берилген добуштары жараксыз деп таанылат жана шайлоо бюллетендери жараксыз бюллетендерге кошулат.

Депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүнү эсептөө максатында мыйзам бузуусунун натыйжасында добуш берүүнүн жыйынтыгы жараксыз деп таанылган талапкер, саясий партиянын талапкерлеринин тизмеси үчүн берилген шайлоочулардын добуштары добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын санында эсепке алынбайт. Мындай талапкер, саясий партия Жогорку Кеңештин кийинки депутаттарын шайлоого катышуусуна жол берилбейт (37-берене).

Ошол эле учурда, анын ичинде, эгерде талапкер (талапкерлер), саясий партиянын (партиялардын) талапкерлеринин тизмеси боюнча жараксыз деп таанылган добуш берүүнүн жыйынтыгы добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын жалпы санынын үчтөн биринен ашыгын камтыса, Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжаларын жараксыз деп тааныйт (37-берене).

Каржылык ачык-айкындуулук боюнча:

Каржылык ачык-айкындуулукту камсыздоо максатында конституциялык Мыйзамга шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү каржылык жактан камсыздоочу маселелерди кыйла так жөнгө салууну белгилеген өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда. Атап айтканда, шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл менен каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн ыйгарым укуктарын бөлүү, талапкер же саясий партия өз шайлоо фондунун жалгыз гана атайын эсебин ачууга укуктуулугун аныктоо, каржылык отчёттулук боюнча талаптарды күчөтүү ж.б. сунушталууда.

Талапкерлердин, саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ишенимдүү адамдары, байкоочулары, шайлоо комиссияларындагы өкүлдөрү өздөрүнүн ыйгарым укуктарын, шайлоого түздөн-түз же кыйыр түрдө байланыштуу жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү бекер аткарууга укуктуу деген ченем алынып салынууда (41-берененин 10-бөлүгү).

Жогорку Кеңешти шайлоодо добуш берүү күнү иштеп жаткан чакырылыштагы Жогорку Кеңеш шайланган конституциялык мөөнөт өткөн айдын биринчи жекшембисинен акыркы жекшембисине алмаштырылууда (59-берене).

Мындан тышкары, мыйзам долбоору “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын айрым жоболорун Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясына шайкеш келтирүүгө багытталган, ошондой эле колдонуудагы конституциялык Мыйзамга редакциялык жана тактоочу бир катар башка түзөтүүлөрдү карайт.