Коом
Кара-Кече көмүрү сутка ичинде 445 унаага 10 миң тонна жүктөлдү

Кара-Кече кенинде жалпы 445 унаага көмүр жүктөлдү. Бул тууралуу “Кыргыз көмүр” ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жүктөлгөн кара отундун жалпы көлөмү 10 190 тонна болду.
Бул көрсөткүч Кара-Кече кениндеги иштин туруктуу жүрүп жатканын жана көмүр менен камсыздоонун үзгүлтүксүз экенин далилдейт.
Кара-Кече кени калкты жана ишканаларды көмүр менен үзгүлтүксүз камсыздоону улантат.



