Сауд Арабиясында ажылык зыярат башталды

Мусулман зыяратчылар жекшембиде ажылыкка арналган жөрөлгөлөрүн жасап башташты. Бул тууралуу саудиялык «Ихбария» телеканалы билдирди.

Ажылык зыярат эки жыл катары менен коронавирус пандемиясына байланыштуу чектөө алдында өтүп жатат. Быйыл бул иш-чарага жергиликтүү жашоочулар жана Сауд Арабиясында жашаган чет өлкөлүк мусулмандар гана катыша алышат.

Быйыл бул диний ыйык жөрөлгөгө 60 миң киши катышары күтүлүүдө. Пандемияга чейин ажылык үчүн Сауд Арабиясына дүйнөнүн булуң-бурчунан 2,5 миллионго чукул мусулман келип турган. Июнда саудия бийлиги зыяратка 18ден 65 жашка чейинки, COVID-19га каршы толук эмдөөдөн өткөн кишилер гана катышарын жарыялаган.

Былтыр ноябрда падышачылык башка өлкөнүн жарандарына кичи ажылык – умрага зыярат кылууга уруксат берген. Тизмедеги 108 мамлекеттин арасына Кыргызстан кирбей калган.