Коронавирус. 1102 адамдан аныкталып, дагы 9 бейтап каза тапты


Кыргызстанда 21-июлга карата коронавирус дагы 1102 адамдан аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматулаев брифинг учурунда билдирди.

Аймактар боюнча жаңы жуктуруп алгандар:

Бишкек шаарында – 827,
Ош шаарында – 10,
Чүй облусунда – 65,
Ош облусунда – 24,
Талас облусунда – 9,
Нарын облусунда – 12,
Ысык-Көл облусунда – 55,
Жалал-Абад облусунда – 20,
Баткен облусунда – 80 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 1 миң 213 адам илдеттен сакайды, анын ичинде:

Бишкек шаарында – 813,
Ош шаарында – 84,
Чүй облусунда – 122,
Ош облусунда – 25,
Талас облусунда – 5,
Нарын облусунда – 5,
Ысык-Көл облусунда – 8,
Жалал-Абад облусунда – 63,
Баткен облусунда – 88 бейтап айыгып чыкты.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен каза болгондор:

Бишкек шаарында – 5,
Чүй облусунда – 3,
Нарын облусунда -1.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 4 миң 509 бейтап, амбулатордук түрдө 15 миң 856 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 39 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Стационардан 8, ал эми үй карантининен 21 медкызматкер чыгарылган. Пандемия башталгандан бери 6 миң 238 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 5 миң 464 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 152 миң 709 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 128 миң 905 киши айыгып чыкса, 2 миң 205 адам каза болду.