Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттары менен жолугушат

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттары менен жолугушат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Султанбаевдин маалыматына караганда, президент эл өкүлдөрү менен учурдагы социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий маселелер боюнча пикир алмашат.