Коронавирус. Акыркы суткада 1169 адамдан аныкталып, 12 бейтап каза тапты

Кыргызстанда 22-июлга карата коронавирус дагы 1169 адамдан аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматулаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, аймактар боюнча:

Бишкек шаарында – 760,
Ош шаарында – 13,
Чүй облусунда – 132,
Ош облусунда – 31,
Талас облусунда – 12,
Нарын облусунда – 17,
Ысык-Көл облусунда – 52,
Жалал-Абад облусунда – 76,
Баткен облусунда – 76 адамдан илдет табылган.

“Ал эми бир суткада 1 миң 837 адам илдеттен сакайды.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 6, Чүй облусунда – 4, Нарын облусунда бир, Баткен облусунда бир бейтап каза болгон.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 4 миң 356 бейтап, амбулатордук түрдө 16 миң 9 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 29 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Стационардан 8, ал эми үй карантининен 27 медкызматкер чыгарылган. Пандемия башталгандан бери 6 миң 267 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 5 миң 499 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 153 миң 878 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 130 миң 742 киши айыгып чыкса, 2 миң 217 адам каза болду.