Спорт

Чолпон-Атада көк бөрү боюнча эл аралык мелдеш өтөт

22-августтан 31-августка чейин Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда президенттин кубогу үчүн көк бөрү боюнча эл аралык мелдеш өтөт. Бул тууралуу аталган спорттун федерациясынын маалымат кызматы билдирди.

Улуттук ат оюну боюнча мелдеш эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына арналып, ага жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн командалары да катышат.

Мелдеш көк бөрү оюнун кеңири жайылтуу, өнүктүрүү, улуттук спортту даңазалоо жана эл аралык аренада достук мамилелерди чыңдоо максатын көздөйт. Президенттин кубогуна арналган мелдеш жыл сайын өткөрүлүп келет. Эл аралык мелдешке катышууну каалаган командалар 2021-жылдын 10-августуна чейин Улуттук спорттун түрлөрү боюнча дирекциясына билдирме жөнөтүшү керек.

Мындан тышкары, 26-августтан 31-августка чейин Ош шаарындагы Төлөйкөн ат майданында көк бөрү боюнча мелдеш өтөт. Спорттук иш-чара өлкөнүн Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Улуттук спорттун түрлөрү боюнча дирекциясы, Көк бөрү федерациясы менен биргеликте уюштурулууда.

Related Articles

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button