Дүйнө

Ооганстанда белгисиз адамдар айылды тоноп, жүздөгөн карапайым жарандарды өлтүрүп кетишти

Ооганстандын Кандагар провинциясындагы Спин-Болдак районунда жашаган жүздөгөн карапайым тургунду белгисиз адамдар өлтүрүп кетишти. Бул тууралуу Ооганстандын Ички иштер министрлиги кабарлаганын аталган өлкөнүн жергиликтүү телеканалдарында айтылды.

«Таш боор террорчулар Пенджабдагы (Пакистан) кожоюндарынын буйругу менен Спин-Болдактын бир катар аймактарындагы карапайым тургундардын үйлөрүнө кол салуу уюштурушуп, үй-жайларын тоноп, жүздөгөн бейкүнөө адамдарды өлтүрүп кетишти», — деди Ички иштер министрлигинин өкүлү Мирваис Станекзай.

Ооган өкмөтү жай тургундардын өлүмүнө аталган районду басып алган радикал «Талибан» кыймылын күнөөлөдү. Ооганстандын Коргоо министрлигинин маалымат катчысы Рохулла Ахмадзай талибдер буга чейин бир канча жолу жергиликтүү жашоочулардын үй-жайын жана мамлекеттик мекемелерди тоноп, шаарларды талкалап, бейкүнөө адамдарды өлтүргөнүн айтты.

Ал эми «Талибан» кыймылынын өкүлү аларга каршы тагылып жаткан айыптоону четке какты.

Ооганстандагы кырдаал 1-майда АКШ аскерлерин расмий түрдө чыгарып кеткен соң курчуп кеткен. Учурда согушчулдар Ооганстандын чек араларынын 90 пайызын басып алганы айтылууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button