Нарын ОИИБи: Офицердин жубайы – тиреги, үмүтү жана ишеничи!

Бүгүн, 23-июльда   Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын жыйындар залында Нарын ОИИБнин начальниги милициянын полковниги А.Жумабековдун, ардагерлер кеңешинин төрагасы К.Кыдыкбаевдин, Нарын ОИИБнин жана РИИБнин ардагерлеринин,   азыркы кызматкерлери жана алардын жубайларынын катышуусу менен “Офицердин жубайы” медалдары милиция кызматкерлеринин жана ардагерлердин жубайларына  тапшырылды. Бул тууралуу Нарын ОИИБнин Басма сөз кызматы билдирди.

Өз сөзүндө ” Офицердин жубайы болуу ары түйшүктүү ары сыймыктуу экени бардыгыбызга маалым. Ар жыл сайын майрамдарда уюштурулуп келген офицердин жубайларын сыйлоо аземи бул жолу курман айтка дал келди. Көпчүлүктүн көңүлүн көкөлөткөн майрамдык иш-чара төрт жылдан бери өткөрүлүп  келет. Милициянын жубайы сыймыктуу жана жоопкерчиликтүү экендигин баса белгилеп, сыйлык ээлерин куттуктап үй-бүлөлүк бакыт каалап, эң кубанычтуусу анын учугу уланып, ар жыл сайын уюштуруу жакшы адатка айлангандыгы “деди- А.Жумабеков

“Офицердин жубайы” медалындагы ар кандай өңдөрдүн өзүнүн терең маанилери бар. Мисалы ак түстөгү тынчтыктын, сары түсү бакубатчылыктын ал эми кызыл түсү токчулуктун символу.

Сыйлык ээлери өз учурунда ыраазычылык билдиришип, жетекчиликке, ардагерлерге жана өздүк курамга иштерине ийгилик каалап өтүштү.