Коом
Коронавирус. 930 адамдан аныкталып, дагы 13 бейтап каза тапты

Кыргызстанда акыркы суткада коронавирусту 930 адам жуктурду. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Аймактар боюнча карай келген эң көбү борбор калаада, эң азы Ош шаарында экени анык болду.
Коронавирус чыккан аймактар жана саны:
- Бишкек — 528;
- Ош шаары — 4;
- Чүй облусу – 142;
- Ош облусу – 43;
- Талас облусу — 16;
- Нарын облусу — 17;
- Ысык-Көл облусу – 57;
- Жалал-Абад облусу – 67;
- Баткен облусу – 56.
Сутка ичинде COVID-19 илдетинен каза болгон бейтаптар:
Бишкекте — 7,
Чүй облусунда — 3,
Ысык-Көл — 1,
Ош облусунда – 1,
Ош шаарында — 1.
Пандемия башталгандан тарта коронавирус жуктуруп алгандардын саны 161 015.
Республикалык штабдын маалыматына таянсак, бир сутка ичинде 1 460 адам айыгып чыкты Кыргызстанда COVID-19ду жеңгендердин жалпы саны 141 499 кишиге жетти.



