Адамды өлүмгө кептеген эртең мененки терс адаттар

Эртең мененки тамактанууга байланыштуу кайсы адаттар адамдын ден соолугуна чоң залака келтирерин адистердин пикирине таянып “Московский комсомолец” басылмасы жазды.

Таңкы азыктардан баш тартуу
Таттуу азыктар.
Уйку безине бычак боло турган азыктар аталды
Эртең мененки тамак — саламаттык үчүн өтө маанилүү процесс. Күн бою адам кандай маанайды жүрөрү дал ушул тамактанууга байланыштуу болот. Ошондой эле эртең менен наар албаган адамдарда ашыкча салмак пайда болушу толук ыктымал.
Анткени эртең менен тамактанган организм калорийлерди бат сарптайт, глюкозанын деңгээли төмөнүрөөк болот. Ошондой эле күндүн алгачкы азыктарынан баш тарткан кишилерде жүрөк-кан тамыр оорулары пайда болушу мүмкүн.

Колбаса
Колбасаны көпчүлүк диетологдор зыяндуу тамак деп эсептейт. Эртең менен гана эмес, башка учурларда деле күнүнө 25 граммдан ашык колбаса жеген адамда жоон ичеги рагына кабылуу тобокелдиги жогорулай турганы айтылат.

Тамакка чейинки кофе
Британиялык окумуштуулардын айтымында, тура калып кофе ичүү кандагы глюкозаны көбөйтүп жиберет. Андыктан ач карын кофе ичүү сунушталбайт.

Шире
Жер-жемиштин жаңы же кант кошулган ширесин таң атпай ичүү кант диабетинин пайда болуу тобокелдигин 16 пайызга жогорулатат. Андыктан эртең менен клетчаткага бай жемиштердин өзүн жегенден өтөрү жок.