Коом

Жалпы 26 миң доллар. Акжол Махмудовдун Олимпиададагы спорттук кийими аукциондо сатылды

Акжол Махмудовдун Токиодо өткөн Олимпиада оюндарында кийген спорттук кийими аукциондо 6 миң 500 долларга сатылды. Бул тууралуу спортчу өзүнүн  инстаграмдагы баракчасына жазып чыкты.

Аукциондун башка катышуучулары тарабынан 19 миң 500 доллар өлчөмүндө каражат берилген. Жалпы 26 миң доллар чогулду.

«Түшкөн каражат 100 пайыз кайрымдуулукка жумшалат», — деп жазат спортчу.

Эскерте кетсек, Акжол Махмудов Токиодо өткөн Олимпиада оюндарына грек-рим күрөшү боюнча мелдеште күмүш медаль тагынган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button