Пайдалуу кеңештер

Коронавирус менен ооругандан кийин кайсы жемиш организмди калыбына келтирет. Адистин пикири

Россиялык дарыгер, диетолог Римма Мойсенко коронавирустан кийин организмди калыбына келтирүүчү мөмөлөрдү тизмектеп берди.

Дарыгердин айтымында, вирустан кийин организмге мөмө-жемиштерде камтылган витаминдер керек.

«Албетте, биз полипренол, полифенол сыяктуу антиоксиданттарга муктаж болобуз. Бул биринчи кезекте кара түстөгү мөмөлөрдө кездешет. Кара четин, кара жана кызыл карагат, кожогат жана жалпы эле ачык түстүү бардык палитра, бул адам толук ала турган антиоксиданттар»,-деди Мойсенко.

Ошондой эле дарыгер организмге керектүү азыктарды дачалардан дагы табууга боло тургандыгына көңүл бурду.

«Ичеги-карындын иштешин жакшыртуу маанилүү, ошондуктан бизге түрдүү жашылчалар түрүндөгү булалар (клетчаткалар) керек: жашылчалар жана кызылчанын жалбырагы менен сабагы. Бул була гана эмес, В9 витаминин, фолий кислотасын жана башка кошумча антиоксиданттарды камсыздоодо чоң артыкчылыкка ээ. Башкача айтканда, бул жашылчалардын бардык түрлөрү — жаңы, бышкан, бакчадан алынган жашылчалар”, — деди ал.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button