Ысык-Көлдө велосипедден улам чыккан чырдан 37 жаштагы жаран каза болду

Ысык-Көлдө ортодо чыккан чырдан улам 37 жаштагы жаран каза болду. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 7-сентябрь күнү саат 11:00 чамасында Ысык-Көл ОИИБине аймактык ооруканага оор жаракат алган 37 жаштагы жаран келип түшкөндүгү тууралуу маалымат берилген. Көп өптөй жабырлануучу ооруканада каза болуп калган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

“Алгачкы териштирүү ишинде каза болгон С.Ю. Ананьево айылынын тургуну болгондугу аныкталган. Ал таанышы А.У.нун велосипедин сурап кетип, эртеси башка айыл тургунуна 500 сомго сатып жиберген. Эртеси, 7-сентябрь күнү велосипеддин ээси ичимдик ичип алып аны менен сүйлөшүүгө келген. Экөөнүн ортосунда чыр чыгып, жабырлануучунун денесине оор жаракаттарды келтирген.

Тергөө иштеринин натыйжасында, кылмышка шектүү 4 жаран кармалган. Алар алгачкы суракта күнөөлөрүн моюнга алган. Учурда шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, териштирүү иштери уланууда”, – деп жазылат маалыматта.