“Бийликти күч менен басып алууга даярданган”. Курсан Асанов камакка алынды

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы КЖБРге катталган Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 309-беренесинде (Бийликти күч менен басып алуу) көрсөтүлгөн  кылмыштын курамы боюнча  жаңы сотко чейинки өндүрүштү баштады Бул тууралуу  Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тергөө Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин мурдагы орун басары К.Асанов башка адамдар менен алдын ала сүйлөшүү жолу менен  бийликти күч менен басып алууну активдүү даярдап жана уюштуруп жүргөндүгү аныкталган.

 Ушуга байланыштуу,  К.Асанов шектүү катары кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.