Саясат

КР президенти Садыр Жапаров Душанбе шаарындагы «Кохи Навруз» комплексине келди

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 17-сентябрда, Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекет башчыларынын Кеңешинин отурумуна катышуу үчүн Душанбе шаарындагы «Кохи Навруз» комплексине келди.

Президент Садыр Жапаров комплекске келгенде Тажикстан Республикасынын президенти Эмомали Рахмон тосуп алды, андан соң ШКУга катышуучу-өлкө лидерлери чогуу сүрөткө түшүштү.

КР президенти Садыр Жапаров

Андан соң алар уюмдун алкагындагы кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулоо үчүн жыйындар залына киришти.

ШКУ саммитине бирикмеге мүчө-мамлекет башчылары катышат: Кыргызстан, Индия, Казакстан, Пакистан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстан. Ошондой эле байкоочу макамы бар мамлекеттердин лидерлери: Афганстан, Беларусь, Иран жана Монголия. Мааракелүү саммитте ардактуу мейман катары Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов катышат.

Эске салсак, дагы алты өлкө уюмда диалог боюнча өнөктөш макамында: Азербайжан, Армения, Камбоджа, Непал, Түркия жана Шри-Ланка.

Белгилей кетсек, бүгүн ошондой эле биринчи жолу Шанхай кызматташтык уюму жана Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна мүчө-мамлекет башчыларынын жолугушуусу өтөт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button