Нарындын мэри Болотбеков сыртка чыкпоо тил каты менен бошотулду

Нарын шаарынын мэри Самарбек Болотбеков сыртка чыкпоо тил катынын негизинде бошотулду. Бул туурасында Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматы билдирди.

Мындай чечим кечээ, 20-сентябрда, чыккан. Болотбеков шайлоодогу коррупциялык иштерге аралашкан деп шектелүүдө.

УКМК былтыркы парламенттик шайлоодо Жогорку Кеңештин депутаты мандатын убадалап 300 миң доллар алган деген шек менен “Кыргызстан” партиясынын мүчөсү, экс-депутат Руслан Чойбековду 16-сентябрда кармаган. Бул иш боюнча Жазык кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүгүнө (“Алдамчылык, өзгөчө ири өлчөмдө жасалган жосун”) ылайык өндүрүш ачылып, Чойбеков тергөө абагына киргизилген.

Ал эми 18-сентябрда аталган кылмышка катыштыгы бар деген шек менен шайлоодо “Кыргызстан” партиясынан талапкер болгон, учурда Нарындын мэри Самарбек Болотбеков кармалган болчу.