Окуялар

Мугалим 7-класстын окуучусун швабра менен башка чапкан. Ишти Аламүдүн РИИБи иликтөөгө алды

Төмөнкү Ала-Арчадагы орто мектепте окуучусуна кол көтөргөн мугалимдин ишин Аламүдүн РИИБи тергейт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, Төмөнкү Ала-Арчадагы мектепте болгон окуя боюнча министрликте эки тараптын катышуусунда жолугушуу болгон. Жолугушууда эки тараптын тең пикири угулуп, жыйынтыгында окуянын чоо-жайын териштирүү үчүн Аламүдүн РИИБине кайрылуу боюнча бүтүмгө келишкен. Учурда окуя боюнча жашы жете электердин иштери боюнча инспектору тергөө амалдарын жүргүзүп жатат.

Эскерте «Мугалим окуучусунан тапшырманы аткарууну суранганын, бирок ал окуу китептеринин жоктугунан улам аткара албаганын айткан учурда мугалим окуучуну бурчка тургузуп, сабактан кийин пол жууп, классты тазалоого мажбурлаган. Бирок окуучу баш тарткандыктан мугалим анын башына швабра менен бир нече жолу урганы маалым болгон. Окуучу ата-энесине телефон чаларда мугалим телефонду колунан жулуп алып, ыргытып жиберген», — деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button