ИИМ: Жасалма ПЧР-тесттерди саткан жарандар жоопкерчиликке тартылат

Республиканын аймагында жасалма ПЧР-тесттерин  мыйзамсыз сатуу фактылары боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.  Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарында Чүй облусунун Ысык-Ата жана Аламүдүн райондорунда эки, Талас облусунда бир  факты катталган. 

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын КМКнын  кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-ииликтөө иш-чараларынын натыйжасында,  кылмышка шектүү жарандардын өздүгү аныкталып, алар  жана 1996-жылы туулган А.Б. менен Б.А., 25 жаштагы Х.А. болуп чыккан.    Алар Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 359-беренесинде (Документтерди жасалмалоо) көрсөтүлгөн кылмыштарды жасоого шектелип кармалышты.

 Дагы бир факты Талас облусунун Манас районунда катталды. Менчик лабораториялардын биринин эки кызматкери жасалма ПЧР-тесттерин 2 миң сомго сатып жатканы аныкталган.

Бул факты дагы  КЖБРге катталып,  Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 359-беренеси (Документтерди жасалмалоо) менен сотко чейинки өндүрүш башталган.  Бул адамдардын бардыгы аныкталып, кармалган.

Учурда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан бардык тергөө амалдары жана алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлүп,  мыйзамсыз иштерге тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча чаралар көрүлүүдө.

Ички иштер министрлиги жасалма ПЧР -тесттерин саткан жарандар  Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 359-беренесине (Документтерди жасалмалоо) ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартылаарын эскертет.