Коом

Кыргызстан малдын ич этин сатып алууну үч эсеге көбөйттү

Кыргызстан малдын ич этин сатып алууну үч эсеге көбөйттү. Бул тууралуу Статистика боюнча улуттук комитеттен кабарлады.

Жети ай аралыгында республика 143,9 тонна ичеги-карынды (135 миң долларга) сырттан алган. Бул көрсөткүч өткөн жылы 43,9 тоннаны (22 миң доллар) түзгөн.

Кайдан, канча көлөмдө сатып алган:

  • Беларусь — 20 тонна;
  • Казакстан — 5,5;
  • Россия — 58,4;
  • Украина — 54,2;
  • Өзбекстан — 5,8.

Жети ай ичинде Кыргызстандан Гонконг, Вьетнам, Түркия жана Египет 629 тонна ич эт алып кеткен. Бул былтыркы жылдын январынан июлуна чейинки мезгилге салыштырмалуу 14,7 тоннага аздык кылары айтылды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button