Окуялар

Чүйдө лимузин унаасы жол кырсыгына учурады

Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Полтавка айылында лимузин жол кырсыгына учурады. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 27-сентябрда кечки саат 20:30 чамасында Бишкек — Кара-Балта тилкесинде лимузиндин айдоочусу рулду башкара албай калып, унаа жолдун ортосунда жайгашкан бетонго урунган.

Кырсык катталган жерге «Тез жардам» кызматы, милиция кызматкерлери тартылган. Учурда жабырлануучулар такталууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button