ВИДЕО: Ысык-Көлдө мал уурулуктун алдын алуу иштери күчөтүлүүдө

Учурда, мал уурулук айыл тургундарынын эң курч көйгөйлөрүнүн бири бойдон калууда. Анткени, элеттиктерге мал-жандык күнүмдүк жашоонун эң маанилүү каражаттарынын бири болуп саналгандыктан, мал уурулуктун кесепетинен, турмуштун оор шарттарына батып калышы мүмкүн. Алып айтсак, Ысык-Көл облусунун аймагында 9-ай ичинде 146 мал уурулк фактысы катталып, анын 104 учуру милиция кызматкерлери тарабынан көрүлгөн иш-аракеттердин натыйжасында ачылган. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.

Мал уурулуктун алдын алуу жана болтурбоо максатында Ысык-Көл облусунун аймагында облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан жуманын дем алыш күндөрү өткөрүлгөн рейдтик иш-чаранын учурунда милициянын 8 посту уюштурулуп, анда кызмат өтөшкөн 40 милиция кызматкери, Каракол жана Токмок шаарларындагы мал базарларына 104 автоунаалар мал ташууга жана башка уруксат берилүүчү иш-кагаздар текшерүүдөн өттү. Текшерүү учурунда, мал ташып бара жаткан 32 адамда тийиштүү уруксат кагаздары жанында жок болгондуктан, алар жашаган жерлерине кайтарылышып, ал жерден жеригиликтүү бийлик органдарынан жана ветеринардык кызматтардан, чындап малдарга тиешелүү экендиги текшерилди.

“Касапчы” аттуу рейддик иш-чаранын негизинде КМК кызматкерлери тарабынан мал уурулук фактысы менен кылмышка шектелип 28 жаштагы Ж.У. кармалып, 4 баш койун уурдап кеткендиги боюнча күнөөсүн толугу менен мойнуна алган. Келтирилген чыгым 35000 сомду түзгөн. Кармалган жаран Жети-Өгүз ИИБнүн  убактылуу кармоочу жайына камака алынды. Кылмышка шектүү Ж.У. тарабынан келтирилген чыгым төлөнүп берилип, тергөө иш-амалдары жүрүүдө.

Профилактикалык рейд учурунда, иш-чарага тартылган милиция кызматкерлери мал базарлардын жана мал жандыктарынын  ээлери менен кезигишип, малдардын тийиштүү кагаздарын текшерүүдөн өткөрүп турушун эскертишти.

Жүргүзүлүп жаткан рейддик-профилактикалык иш-чаралардын аркасында мал уурулукка каршы күрөшүү жана анын алдын алуу чаралары көрүлүп жатат. Ысык-Көл облусунун милиция кызматкерлери мал уурулукту алдын алууга жана азайтууга багытталган мындай ыкчам-профилактикалык иш-чараларды ар дайым өткөрүп турмакчы.