Роза Рымбаева баштаган делегация Кыргызстанга келет

Борбор калаа Бишкекте 7-9-октябрь күндөрү Казакстандын маданият күндөрү өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.

Делегацияны коңшу өлкөнүн маданият жана спорт министри Актоты Раимкулова жетектемекчи. Жалпысынан 300дөн ашуун кишинин келиши күтүлүүдө.

“Искусство чеберлеринин концертине СССРдин эл артисттери Роза Рымбаева менен Алибек Днишев сыяктуу өнөр адамдары катышат. Маданият күндөрүнүн программасында концерт, кино, Казакстандын археологиялык артефактылары менен көркөм сүрөт көргөзмөсү, этно-фольклордук концерт жана казак элинин улуу акыны Абай Кунанбаевдин өмүрү тууралуу “Абай” операсы көрсөтүлөт”, — деп жазылган маалыматта.

Мындан сырткары, иш-чаранын алкагында эки тараптуу кызматташуу тууралуу сүйлөшүүлөр жүрөт.