Кыргызгидромет борборунун метеобожомол бөлүмүнүн башчысы Асылбүбү Маткеримова Кыргызстанда күздүн аягына чейин аба ырайы кандай болорун айтты.
Адистин билдиргенине караганда, октябрь айынын экинчи жарымында өлкөдө күн жылыйт.
“14-октябрдан тарта Кыргызстанда абанын табы 13-15 градуска чейин көтөрүлөт. Атургай 15-16-октябрь күндөрү 20 градуска жетери күтүлүүдө. Түнкүсүн 6-8 градус болгондуктан, бул айда үшүк жүрбөйт”, — деди Маткеримова.
Метеорологдун айтымында, ноябрь айынын башы суук болуп, бирок бат эле жылый баштайт. Андыктан айдын биринчи жарымы жылуу болуп, 15инен кийин гана акырындан абанын температурасы төмөндөйт.