Коом

Каракол шаарында милиция кызматкерлерине экстремисттик агымдарга азгыруу жолдору түшүндүрүлдү

Каракол шаардык милициясынын базасында Ысык-Көл ОИИБдин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча  кызматынын демилгеси менен милиция кызматкерлерине деструктивдик агымдарга жана экстремисттик уюмдарга элди азгыруу маселеси боюнча семинар-тренинг болуп өттү. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин Басма сөз кызматынын башчысы Сталбек Усубакунов билдирди.

Белгилүү болгондой, милиция кызматкерлери өзүнүн күнүмдүк кызматында коомчулук менен жакындан иш алып баргандыктан, эл арасында радикалдык идеологияны тараткан жарандар да жок эмес. Ушуга байланышту, облустук милициянын өздүк курамына деструктивдик радикалдык агымдарынын өкүлдөрүнүн таасирин жокко чыгаруу жана алардын идеологиясына каршы иммунитетти түзүү максатында аталган иш-чара уюштурулду.  

«Дүйнөдө эч нерсе кокусунан болбойт. Эгер кубулуш бар болсо — бул кимдир-бирөөгө керек экендигин билдирет», — дейт, Ысык-Көл ОИИБдин ЭММКАКнын ыкчам өкүлү Эламан Султанов.

«Агымга азгыргандардын негизги мүнөздөмөсү – бул достук мамилесин сизге аянбастан көрсөткөнү болуп эсептелинет. Эмнеге сергек болуш керек? Ошол адамдын сизге өзгөчө кызыктар мамилесин көрсөтүп жатканы. Алар, силерди даңазалоо сөздөрү менен ар дайым мактап турса да, келечекте, силерди өз максатында кандайча колдонуу керек экендигин ойлонуп турат. Сөзсүз түрдө, аны сиздердин акча каражаттарыӊыз, же болбосо баалуу буюмдарыӊыз кызыктырбайт. Балким, сиздердин энтузиазмыӊыз, энергияӊыз, физикалык күчүӊүз, интеллектуалдык жөндөмүӊүздөр жана кызмат ордуӊуздар кызыктырышы мүмкүн. Жалдоочу, бул багытта өзү өтө эрудицияга ээ болгондуктан, сиздердин кызыктырган суроолоруӊуздарга ар дайым жообу болот», — дейт ал.

Экстремисттик диний агымга азгыруунун жолу белгилүү болгон бир эле сценарий менен турмушка ашырылат. Негизги жагдай — материалдык жана моралдык жакырчылык. Эгер адам диний жактан сабатсыз, билими тайкы болсо, бир нерсеге тез берилет. Ошондуктан, потенциалдуу жабырлануучуга өзгөчө кам көрүлөт. 

«Кылмыштардын субъекттери негизинен эркек жыныстагы жарандар болушат, бирок, акыркы кездери, расмий эмес жаштар экстремисттик топторунун мүчөлөрү болуп, кээде кыздар да жолугуушуда» — деди Э. Султанов.

 Семирнар-тренингдин жүрүшүндө дин маселелери жана деструктивдик уюмдарынын ишмердүүлүгү боюнча кызуу талкуулар болуп, анын катышуучулары кызыккан суроолоруна кеӊири жоопторду ала алышты.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button