Саясат

Садыр Жапаров Евразиялык экономикалык кеңештин кезектеги жыйынына онлайн катышат

Мамлекет башчы  Садыр Жапаров бүгүн, 14-октябрда,  Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына онлайн катышат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, жыйын Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаевдин төрагалыгы астында өтөт.

«Анда ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин башчылары бир катар документтерди, анын ичинде глобалдык климат маселеси боюнча билдирүүнү кабыл алуусу болжолдонууда», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле ЕАЭБдин мунай жана мунай заттарынын жалпы рыногун түзүү боюнча экинчи этапка өтүү жана күн тартибиндеги башка маселелерди кароо пландалып жатканы айтылды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button