Кочкор районунда ардагерлердин демилгеси менен спорттук иш-чара өткөрүлдү

Кочкор районунда ардагерлердин демилгеси менен спорттук иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Нарын облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Нарын ОИИБнин, Кочкор РИИБнүн ардагерлеринин демилгеси менен жашы жете электер арасында кылмыштуулуктун алдын алуу жана жаш жеткинчектерди сергек жашоого үндөө, мектеп аралык достукту чыңдоо, ынтымакты бекемдөө максатында райондун аймагындагы билим берүү окуу жайларындагы мектеп окуучулар арасында спорттун футбол оюну боюнча мелдеш өткөрүлдү.

Иш-чаранын башталышы Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнөн баштап спорттук оюндар өтүүчү аянтчага чейин жөө жүрүш менен башталып, оюн кызуу уланып, жыйынтыгында жеңүүчү командалар баалуу белектер менен сыйланышты.

Ошондой эле Кочкор РИИБнүн көчмө кабылдамасы менен атайын графиктин негизинде жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда жер-жерлерде жолугушуулар өткөрүлүп, профилактикалык иш-чаралар уланууда.