Саясат
Шайлоого 21 партия ат салышмай болду. ТИЗМЕ
Парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген 21 партия калды. Бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат кызматы билдирди.
Кечээ, 18-сентябрда, саат 18:00дө партиянын тизмесиндеги талапкерлердин бардык документин БШКга тапшыруу мөөнөтү аяктады.
Буга чейин каттоодо турган 23 саясий уюмдун 20сы документин толугу менен, «Жашасын Кыргызстан» партиясы жарым-жартылай тапшырган. Ал эми «Ак Асаба» кечигип калганы үчүн документи кабыл алынган эмес. «Кыргызстандын прогрессивдүү жаштары» партиясы шайлоого катышуудан баш тарткан.
Натыйжада төмөнкү 21 партия жарышка аттанууда:
- «Улуттар Биримдиги»;
- «Ишеним»;
- «Альянс»;
- «Кыргызстан жашылдар партиясы»;
- «Бирдиктүү Кыргызстан»;
- «Ата Мекен»;
- «Ыйман Нуру»;
- «Эл үмүтү»;
- «Азаттык»;
- Ынтымак»;
- «Күчтүү регион»;
- «Бүтүн Кыргызстан»;
- «Аруузат – Эл Куту»;
- «Ата-Журт Кыргызстан»;
- «Мекенчил Эл»;
- «Ордо»;
- «Багыт»;
- «Жашасын Кыргызстан»;
- «Улуу Журт»;
- «Легалайз»;
- «Социал-демократтар».