Бишкекте өспүрүмдү сүзүп качып кеткен 19 жаштагы айдоочу кыз кармалды

Бишкекте өспүрүмдү сүзүп качып кеткен “Chevrolet» унаасынын айдоочусу кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
«2021-жылдын 29-октябрында болжол менен саат 17:00 чамасында Эркиндик Бульвары жана Чокморов көчөлөрүнүн кесилишинен “Chevrolet Spark” үлгүсүндөгү авто унаа 2009-жылы туулган жөө жүргүнчүнү сүзүп качып кеткен. Натыйжада жөө жүргүнчү ооруканага жаткырылган.
Бул факты боюнча милициянын кайгуул кызматынын издөө бөлүмү ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, натыйжада “Chevrolet Spark” үлгүсүндөгү авто унаанын 2002-жылы туулган Ж. атуу кызды таап, Бишкек ШИИББнын жол кырсыктарын тергөо боюнча Тергөо кызматына өткөрүп беришкен», — деп билдиришти кайгуул кызматы.
Айдоочу кыздын унаасы убактылуу токтотуучу айып короо жайына киргизилген.



