Коом

Кадамжайда өткөрүлгөн иш-чарада бир нече кылмыштардын бети ачылды

Кадамжай районунун аймагында 2021-жылдын 22-23-24-ноябрь күндөрү өткөрүлгөн «РАЗБОЙНИК-ГРАБИТЕЛЬ», «АРСЕНАЛ», «ЭКСТРЕМИСТ» аталыштагы шарттуу иш чаралар өткөрүлдү. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кадамжай РИИБнын кызматкерлери мобилдик топторго бөлүнүп аймактарда түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Ошондой эле жарылгыч заттарды сактаган мекемелер, курал-жарак саткан дүкөндөр, курал-жарагы каттоодо турган жарандар куралдарды сактоо эрежелери, мөөнөтү туура сакталгандыгы боюнча бир катар текшерүүлөр болду. Район аймагынан жалпысынан 15 жаран ок атуучу куралды сактоо, кайра каттоо эрежелерин бузгандыгы үчүн КР Бузуулар кодексинин 84-беренеси менен 13 атуулга эскертүү берилди, 85- беренеси менен 2 атуулга протокол түзүлүп 2000 сом айып салынып чара көрүлдү. 

 Ошондой эле түшүндүрүү иштеринин алкагында Майдан айыл аймагынын 52жаштагы тургуну мыйзамсыз сактап жүргөн сайсыз ок атуучу куралын өз ыктыяры менен тапшырды.

 Иш-чаранын жүрүшүндө 4 факт мал уурулук, 1 факт тоноочулук, 1 факт опузалап талап кылуу, 1 факт уурулуктун бети ачылды. Ошондой эле адам уурдоо фактысы менен издөөдө жүргөн жаран кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Мурда оор жана өтө оор кылмыштар менен соттолуп, азыркы учурда каттоодо турган 45 атуул менен профилактикалык иштерди өткөрүп, коомго коркунуч келтирбей турган жагдайда сүйлөшүүлөр жүрдү.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button