Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берди

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-ноябрда, КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берди.

Мамлекет башчысы Бишкек шаарындагы № 1053 шайлоо тилкесинде добуш берди.

Добуш берүү процедурасы аяктагандан кийин Садыр Жапаров өлкө жарандарын парламенттик шайлоого активдүү катышуу менен атуулдук милдетин аткарууга чакырды.

«Ар бириңиздердин добушуңуздардан Кыргызстандын, анын ичинде өзүңүздөрдүн, балдарыңыздардын келечеги аныкталат», — деп кайрылды резидент Садыр Жапаров өлкө жарандарына.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо башталды.

Жаңы мыйзамга ылайык, бирдиктүү шайлоо округунан пропорционалдык система боюнча 54 депутат, ал эми бир мандаттуу шайлоо округунан мажоритардык система боюнча 36 депутат шайланып келет. Жалпы 90 мандат берилет.