Саясат

Президент Садыр Жапаров Ашхабадга келди

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 28-ноябрда, жумушчу сапары менен Түркмөнстандын борбору Ашхабад шаарына келди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Мамлекет башчынын учагы Ахшабад шаарындагы эл аралык аэропортко конду, анда Кыргыз Республикасынын жана Түркмөнстандын мамлекеттик желектери флагштокторго илинип, килем төшөлүп, ардактуу кароол тизилген.

Эске салсак, жумушчу сапарынын алкагында президент Садыр Жапаров Экономикалык кызматташтык уюмунун 15-саммитине катышат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button