Окуялар

ИИМ: Медет Садыркуловдун өлүмүнө шектүү С. Сапарбеков кармалды

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматы М. Садыркуловдун өлтүрүлүшү боюнча кылмыш ишин иликтеп жатат. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

2021-жылдын 26-ноябрь күнү ИИМдин кызматкерлери жогорудагы кылмыш ишине шектүү катары С. Сапарбеков кармалды. Ал Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Ал эми, 2021-жылдын 27-ноябрь күнү Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун  тергөө соту тарабынан шектүү С. Сапарбековго карата  2022-жылдын 26-январына чейин эки айга Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына камоо түрүндөгү бөгөт чарасы колдонулду.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button