UWW Тыныбековага быйылкы ийгиликтери үчүн 10 миң доллар сыйлык берет

Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW) Айсулуу Тыныбековага быйылкы жараткан ийгиликтери үчүн 10 миң доллар сыйлык берет. Бул тууралуу уюмдун сайтында жазылды. 

Эл аралык спорттук уюм узаган жылдын жыйынтыгын чыгарып жатат. Дүйнөлүк рейтингдеги алдыңкы үчтүккө кирген спортчуларга жыл сайын акчалай сыйлык берилип турат.

Кыргызстандык балбан өз салмагындагы (62 кг) спортчулардын арасына эң көп делген 136 упай топтогон. Муну ал төрт ири мелдешке катышып алган.

“Ал апрель айында Азия чемпиону болуп, рейтингин 18 упай менен баштаган. Кийинчерээк Польшанын ачык чемпионатында алтын медаль утуп, 16 упай кошулган. Олимпиада оюндарында күмүш медаль тагынганда дагы 44 упай топтогон. Ослодо дүйнө чемпиону болгондо 58 упай кошулган. Кыз-келиндер күрөшүндө бир да балбан Айсулуу Тыныбековадай ири упай топтой алган эмес”, — деп жазылат уюмдун маалыматында.

Токио Олимпиадасынын финалында Айсулууну жеңген Юкако Каваи 68 упайга ээ болуп, 7000 доллар алмакчы. Ал бул жылы башка турнирлерге катышкан эмес.

Буга чейин UWW кыргызстандык балбандар Эрназар Акматалиев менен Жоламан Шаршенбековго үч миң доллардан сыйлык бермей болгон.