Саясат

Садыр Жапаров Балыкчы — Бостери темир жолу куруларын айтты

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынан Бостери айылына темир жол курулат. Бул туурасында президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облусундагы иш сапары учурунда билдирди.

Мамлекет башчысы бүгүнкү күндө «Кыргыз темир жолу» ишканасынын кирешеси көбөйүп, өзүн-өзү камсыздап калганын айтты.

«Жеп-ичкендердин баарын тыйып, токтотуп жатабыз. Темир жол 30 жылдан бери бир жакшы киреше берген эмес. Быйыл жарым жылдын ичинде 1 миллиард 600 миллион сом таза киреше түштү. Бүт темир жолдорун алмаштырып баштадык. Шпалаларынын баары илгерки жыгач бойдон, алмаштырылган эмес. Поезддер Казакстандан бери өткөндөн кийин саатына 20 чакырым менен гана жүрүп калган экен. Мына эми ишкана өзүн-өзү камсыздап, мамлекетке да каражат бере баштады. Балыкчы — Кочкор — Кара-Кече жолун жасап жатабыз. Ары жагын Бостериге чейин алып барабыз, жаңы темир жол куруу башталып жатат», — деди Жапаров.

Белгилей кетсек, Балыкчы — Кочкор — Кара-Кече (183 чакырым) темир жолун куруу долбоору 2005-жылдан бери айтылып келет.

Акыркы ирет 2021-жылдын сентябрь айында аталган жолду куруу үчүн «Кыргыз темир жолу» ишканасынын Кытайдын «Инженердик корпорациясынын №3 темир жолу» ЖЧКсы менен кызматташуу жөнүндө» меморандумга кол коюлганы маалым.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button