Коом

Кыргызстанда ПЧР-тесттерди текшерүү күчөтүлөт

Бул тууралуу 23-декабрда Коронавируска каршы ыкчам штабдын кезектеги жыйынында айтылды. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жарандардын вакцинанын бустердик дозасын алуу маселесин көтөрдү. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев өлкөдөгү эпидемиологиялык абал туруктуу экенин билдирди.

«Оmicron»-штаммынын өлкөгө киришинин жана жайылышынын алдын алуу боюнча көрүлүп жаткан чараларга байланыштуу бир катар маселелерди талкуулашты. Кыргызстандын жарандарынын жана чет өлкөлүк жарандардын өлкөгө кирүүдө ПЦР маалымдамаларынын аныктыгын текшерүү боюнча чараларды күчөтүү тууралуу сөз болду.

Ошондой эле кары-картаңдарды жана өнөкөт оорулары бар адамдарды эмдөөнүн көрсөткүчүн жогорулатуу зарылдыгы белгиленди.

Кыргызстанда пандемия башталган 2020-жылдын март айынан бери коронавирустан өлгөндөрдүн расмий эсеби 2 788ге жетти.

Ооруну жуктуруп алган 184 356 адам катталды. Анын 179 442си айыкты. 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button