Окуучулар арасында Манас айтуу боюнча сынак өтөт

Эртең, 25-декабрда, “Манас” эпосун даңазалоо максатында окуучулар арасында Манас айтуу боюнча республикалык кароо-сынактын финалы өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулардын бири, манасчы Нурбек Талантбеков билдирди.

Анын айтымында, конкурстун тандоо туру аймактарда 19-декабрда болгон. Бул ирет сынак балдар жана кыздардын арасында өз-өзүнчө өтмөкчү.

“1-6-класстын окуучулары “Сейтек” билим берүү мектебинде, ал эми 7-11-класстар “Айчүрөк” кыздар лицейинде таймашат. Иш-чарага Назаркул Сейдарахманов, Дөөлөт Сыдыков баштаган белгилүү манасчылар калыстык кылат. Сынактын байге фонду — 150 миң сом”, — деди Талантбеков.

Конкурска 44 райондон тандалган 200 мектеп окуучусу катыша турган болду. Тандоо туру 19-декабрда өткөн.

Иш-чара Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Улуттук маданий борбор, мамлекеттик “Манас” театры, манасчылар уюму жана “Сапат” эл аралык билим берүү мекемеси тарабынан уюштурулууда.