Студенттик спектаклдердин VI республикалык “Жаңы ысымдар” театр фестивалы жыйынтыкталды

Студенттик спектаклдердин VI республикалык “Жаңы ысымдар” театр фестивалы жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр акчалай сыйлык жана дипломдор менен сыйланды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

25-декабрда өткөн иш-чарага маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чынгыз Эсенгул уулу катышты.

Жеңүүчүлөрдү сыйлоо учурунда Чынгыз Эсенгул уулу фестивалга катышып жаткан болочоктогу театр жаатында билим алып жаткан студенттерге чыгармачылык ийгилик каалоо менен, министр Азамат Жаманкуловдун кайрылуусун окуп берди.

Ошондой эле Чынгыз Эсенгул уулу өз сөзүндө театр тармагы искусствонун негизги өзөктөрүн бири болорун айтуу менен, учурда бул багытта билим алып жаткан студенттерге чыгармачылык жактан дем берүү, алардын арасынан жаңы ысымдарды алып чыгуу, келечектеги театр чеберлерин тарбиялоодогу орто жана жогорку окуу жайлардын ролуна токтолуп, аталган фестивалды Маданият министрлиги ар тараптан колдой тургандыгын билдирди.

Жабылыш салтанаттын программасы жеңүүчүлөрдү сыйлоо жана студенттердин катышуусундагы монолог айтуу менен коштолду.

Эске салсак, аталган фестиваль Бишкек шаарында 6-жолу өтүп жатат. Кийинки фестивалды Ош шаарында өткөрүү пландалууда. Фестивалга Кыргыз мамлекеттик Б. Бейшеналиева атындагы маданият жана искусство университетинин театр жана кино факультетинин, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин, Ош мамлекеттик университетинин киноакадемиясынын, Кыргыз улуттук академиялык Т.Абдумомунов атындагы театрдын театр окуу жайынын студенттери ат салышкан.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

– Баш байге – Кыргыз- Түрк “Манас” университетинин Көркөм өнөр факультетинин Театр бөлүмүнүн 4-курсунун “У войны не женское лицо” (С. Алексиевич) спектаклине;

– Биринчи орун – Кыргыз мамлекеттик Б. Бейшеналиева атындагы маданият жана искусство университетинин “Театр жана кино” факультетинин 4-курсунун “Дүнүйөнүн атасы” (Арт Рое) спектаклине;

– Экинчи орун – Кыргыз мамлекеттик Б. Бейшеналиева атындагы маданият жана искусство университетинин “Театр жана кино” факультетинин 3-курсунун студенти Умсунай Мусаеванын “Жер эне” спектаклине;

– Үчүнчү орун – Ош мамлекеттик университетинин киноакадемиясынын 4-курсунун “Кыз-Күйөө” (М. Байжиев) спектаклине берилди.