Окуялар

Аламүдүндө турак үй өрттөнүп, 85 жаштагы адам каза болду

Бүгүн, 28-декабрда Чүйдүн Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылынын Школьный көчөсүндө турак үйдөн өрт чыккан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Өрттү өчүрүүгө бир бөлүм тартылып, өрт саат 09:43тө өчүрүлгөн. Тилсиз жоодон жалпы аянты 1,5 чарчы метр болгон үйдүн жыгач полу, бир даана эшик, эки даана төшөк күйгөн.

Кырсыктын кечепетинен 85 жаштагы Л.И. аттуу эркек киши каза болгон.

Куткаруучулар сөөктү чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button