Спорт

Валентина Шевченкого «Спорттун отличниги» төш белгиси тапшырылды

Кыргызстандык спортчу, UFC уюмунун эң жеңил салмактагы (56 кг) чемпиону Валентина Шевченко бүгүн, 29-декабрда, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине келди.

Алгач мушкер айымды маданият министри Азамат Жаманкулов тосуп алып, Валентина Шевченкого Кыргызстанга келиши менен куттуктап, Кыргызстандын мекенчил кызы катары эл сыймыктана тургандыгына токтолуп, жалпы кыргызстандыктар Валентина Шевченконун ар бир таймашын чыдамсыздык менен күтүп, аны бир дем менен көрүп жаткан мекендештери бар экенинин кошумчалады.

Ал эми Валентина Шевченко өз кезегинде миниср Азамат Жаманкуловго жана жалпы министрликтин курамында эмгектенген кызматкерлерге мындай жылуу маанай менен тосуп алганына ыраазычылык билдирип, өз үйү – Кыргызстанга кайтып келгенине кубанычта экенин билдирди.

Жолугушуунун алкагында Валенина Шевченкага арналып тигилген чапанды “Кийиз дүйнө” коомдук фондусунун, салттуу билимдерди аркалап жүргөн зингер саймачы Толсун Көкөева кийгизип, «Спорттун отличниги» төш белгиси тапшырылды.

Министр менен жолугушууга Валентинанын апасы Елена Шевченко жана машыктыруучусу Павел Федотов да катышты.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button