Дүйнө

Алматынын аянтына атайын техникалар киргизилип атышуу башталды

Алматынын борбордук аянтына атайын аскердик техникалар киргизилип, атышуу башталды. Бул туурасында Sputnik Казакстандын кабарчысы жеринен кабарлады.

Анын айтымында, 50гө чукул атайын техника, анын ичинде БТР, сооттолгон унаалар, куралданган аскерлерди ташыган машиналар келип «Республика» аянтынын тегерек-четин курчаган.

Аянтта башаламандык уюштурган 200гө жакын куралданган адам жүргөн.

«Аскерлер жай тургундарды өздөрүнөн 100 метрдей алыста турууга чакырды. Андан соң атышуулар башталды. Аскер күчтөрү акимчиликке жана президенттин резиденциясына өткөрбөө үчүн ыңгайлуу позицияда турушат», — деди кабарчы.

Белгилей кетсек, 6-январга караган түнү президент Касым-Жомарт Токаев Алматыда башаламандык уюштургандарды сырттан даярдалган террордук банда деп атап,  кырдаалды турукташтыруу үчүн ЖККУдан жардам сурады. Андан соң уюмга мүчө-өлкөлөр тынчтыкты орнотуучу күчтөрдү жөнөтүү чечимин кабыл алган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button